Карамат Орозова: Баткенге куралдуу кол салуу эл аралык деңгээлде иликтениш керек

Жогорку кеңештин депутаты Карамат Орозова: Мен өзүм Баткендин кызы болом, 28-29-апрелдеги окуялардан кийин дароо Жогорку кеңеш чукул сессияга чогулуп, ал бүтөөрү менен мен Баткенге учуп чыктым. Көптөгөн айылга барып, эл менен жоулугуп, суу бөлүштүргөн «Головной водозаборго» да бардым. Ал суу бөлүштүрүүчү түйүн илгертен Кыргызстандыкы болгон жана эч качан тажик тарапка өткөн эмес.

Премьерликке көрсөтүлүп жатканда Улукбек Марипов февралда Жогорку кеңеште биз аны алдырып жибериптирбиз дегени – ага жардамчылары туура эмес маалымат брегенден го деп ойлойм. Анткени, эгер ал «Головной» тууралуу кандайдыр бир келишим болгондо, 28-29-апрелдеги окуялар учурунда тажиктер ошол кагазды көрсөтөт эле да. Бирок алар анте алган жок жана Кыргызстан тараптан каршылык көрсөтүлгөндөн кийин тажик аскерлери мурдагы турумдарына кайтып кетти.

28-апрелде тажик тараптан келгендер «Головнойду» чогуу иштетели деп, ал жерге видеокамера орнотууга аракеттенген, бирок кыргыз чек арачылары ага уруксат берген эмес. Ошондо дагы алар кандайдыр бир документалдуу негиз боло турган бир кагаз көрсөтүш керек эле да. Алар анте алган эмес. Чогуу иштетүүнү кааласа – дароо эле видеокамера орнотпостон, губернатор же акимдер деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүш керек эле да. Бирок алар анткен эмес.

Кандай болгондо да, биз тажиктер менен кылымдар бою кошуна жашаганбыз жана дагы жашайбыз, ошол себептен Кыргызстан жетекчилиги мамилени таптакыр бузуп албайбы, баары бир кошунабыз дегендиктен өтө аяр аракет көрүүдө деген ойдомун. Антпегенде, кошуналар кадимкидей эле мамлекеттик чек араны бузуп, Кыргызстан аймагына аскерин киргизип, бейкапар жаткан карапайым элге ок атып, үйлөрдү өрттөгөнгө барган. Муну эл аралык деңгээлде иликтеш керек.

18-май күнү «Бир дүйнө – Кыргызстан» адам укуктарын коргоо уюмунун демилгеси менен биз, Жогорку кеңештеги Аялдар форуму, Баткенден келген активисттер жана бейөкмөт уюмдар менен көз карандысыз эксперттер форум өткөрүп, ал тууралуу атайын резолюция кабыл алдык жана аны бардык мамлекеттик уюмдардын дарегине жөнөттүк. Ал форумга Жогорку кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева да катышты жана бул демилге өз жеимшин берет деген үмүттөмүн…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий