“Кеп ошондо” долбоору: Жыл сайын кышында кар тазалоо маселеси чыкса, жаз сайын бензин маселеси пайда болот. Видео

Конституциялык референдум тууралуу мыйзамды кечээ күнү Жогорку кеңеш кантип талкуулап-кабыл алганы коомду аң-таң калтырды. Конституция долбоорунун учурдагы варианты кандай экени коомго так белгисиз, Конституциялык кеңешме аны жөн гана иштеп чыккан жана мына эми парламентте чыныгы талкуу болот десек, талкуу эчак эле бүтүп калган экен.

Соттор кеңеши алдындагы Тартип комиссиясы бүгүн Жогорку соттун төрайымын кылмыш жообуна тартууга макулдугун берди. Мындай шермендечилик Кыргызстан тарыхында болгон эмес, дүйнөдө деле чанда кездешет ко. Жана ошол эле шерменде соттор Өмүрбек Текебаевдин депутаттыгын алып салды. Ал тууралуу арыз берген – кайсы бир саясатчы же саясий уюм эмес, кээде ыр жазып калган карапайым жигит.

Аны менен катар фермерлерди күйүүчү май менен камсыз кылуу маселеси да катуу чыгууда. Кыш түшкөн сайын Кыргызстан – эч качан карды көрбөгөнсүп, андан жолдорду кантип тазалайбыз деп кыйналган сыяктуу, жаз сайын айыл чарбаны солярка менен кантип камсыз кылабыз деп башы ооруйт. Премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн атайын буйругу менен Кыргызстанга келген же өлкөдө өндүрүлгөн солярканы сыртка сатууга тыюу салды.

«Жазгы талаа иштери башталып атат, бул боюнча солярканын жетиштигин биз камсыздаш керекпиз. Мен атайын жыйындарды өткөрдүм бул боюнча, Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен, биздин контролдоо органдары менен. Ушуга байланыштуу мен дүйшөмбү күнү, эки күн мурда, бир токтомго кол койдум. Бул токтомдун жыйынтыгы, мен ойлойм, бир аз болсо да жыйынтык берет. Бул токтом, значит, үчүнчү өлкөлөргө нефтепродуктыларынын, мазуттан башкасын, экспортун токтотуу боюнча».

Демократия менен эркин базар шартында антай чектөөлөр жакшы эмес ко, бирок Кыргызстан өзү күйүүчү майды эркин базарда сатып албайт да. Ал ар башка шылтоо менен аны Орусиядан арзандатылган баа менен алат, бирок өлкөдөгү ишкерлер башка шылтоо менен аны сыртка сатып жиберет. Ошондуктан Кыргызстан шартында эркин экономиканы – тыюу салуу аркылуу гана коргоп калуу мүмкүн сыяктуу.

«Өзүңүздөр билесиздер, азыр биздин өлкөдө… кудайга шүгүр… бензиндин, солярканын баасы жакшы эле, ал эми кошуна өлкөлөрдө… өзгөчө түштүк жактагы кошуна өлкөлөрүбүздө бензиндин, солярканын баасы… бензиндин баасы бизде 40 сом болсо, ал өлкөлөрдө 60 сомдун тегерегинде болуп атат, ошон үчүн биз бул боюнча дагы бир топ чара көрөбүз го деп ойлоймун», – деди кечээ күнү Марипов.

Күйүүчү майдын аткезчилиги Кыргызстанда илгертен өнүккөн – керектей турган майдын бир топ бөлүгү өлкөгө контрабанда менен келет жана башка бөлүгү ошондой эле мыйзамсыз жолдор менен кошуна мамлекеттерге сатылып кетет. Бийлик болсо тартип орното албайт, анткени ошол аткезчиликти бийликтин өзүндөгү адамдар тымызын жүргүзөт жана мыйзамсыз бензин көчөдө ачыктан-ачык эле сатылат.

Кара-Балта шаарында курулган «Джунда» деген мунай иштетүүчү завод ишке киргенде, абал бир топ жеңилдейт деп күтүлгөн, бирок эч нерсе өзгөргөн деле жок. Биринчиден, бул завод бензиндин заманбап үлгүлөрүн чыгара албайт жана айлана-чөйрөнү булгайт экен. Экинчиден – силер заводду кургула, мунай алып келүүнү биз сүйлөшөбүз деген бийлик убадасына турган жок жана иштете турган мунай азыр жетишсиз.

Күйүүчү май менен байланышкан маселе – Кыргызстан экономикасы кандай жапайы абалда экенин көрсөтөт. Мамлекеттин экономикалык эгемендигин камсыздай ала турган чыныгы өндүрүш өлкөдө жок, эптеп иштеп жаткан ишканалардын болсо араң эле жаны бар. «Джундадан» башка өлкөдө мунай иштетүүчү бир нече ишкана бар, бирок алардын майы жогорку сапатка жетпейт жана бир тобу Ооганстанга тымызын сатылат.

Ага кошумча – кандай мыйзам же эреже кабыл албайлы, биз аларды өзүбүз дароо бузуп киребиз. Өзбекстан газ берүүнү токтотуп койду деп көп урушчубуз, бирок алар – Өзбекстандан алынган газды биз башка мамлекеттерге сатып жибергендиктен токтотчу. Бухарадан Бишкек аркылуу Алматыга кеткен газ куурунан дагы биз газ уурдагандыктан, аны дагы Казакстан кээде жаап салчу, биз болсо ага да урушчубуз. Алыска жаткырылган куурдан мунай уурдаганды бизге Африка элдери үйрөткөндөй. Кеп ошондо.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий