“Кеп ошондо” долбоору: Камчыбек Ташиевдин популярдуулугу өсүүдө (видео)

Германияда жүрөгүнө операция жасагандан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ күнү Кыргызстанга кайтып келип, дароо Баткен облусуна барды. Ал жакта эл менен жолугуп, коррупцияга малынгандын баары камалат деп, чек ара маселелери тууралуу да пикирин айтып, Төрткүл суу сактагычы менен байланышкан проблемага да токтолду:

«Төрткүл суу сактагычы, Төрткүл суу сактагычынын тегереги, анын башы, аягы, толук бойдон Кыргызстандыкы жана аны эч кандай башка мамлекетке берүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн да эмес».

Чогулгандардын суроолоруна жооп берип жатып, Ташиев – эртеңден тартып, коррупцияга аралашкан өтө жогорку кызматтагы адамдар кармала баштайт деп билдирди. Чын эле ошондой болобу же болбойбу, ал – башка маселе, бирок Ташиев элдин оюндагыны таап айтып, популярдуулугун жогорулатып жатат. Эл менен аралашып, берилген суроолорго дагы дароо ачык жооп берип, ал бир топ кадыр топтоого жетишти.

«Мен президент менен жолугам бүгүн кечинде эле, сиздер боюнча толук маалыматты айтып берем, эртеңден баштап, көрөсүздөр, эртеңден баштап бир нече-бир нече чоң чиновникти камакка алабыз, себеби алар элдин канын соргондор. Жөндөн-жөн адамга тийбейбиз, жөнөкөй адамга тийбейбиз. Таак. Мындан ары кимдир бирөө коррупция кылганды, кылам деген даже оюна келбеш керек да», – деди кечээ күнү Ташиев.

Коррупциялашкан адамдарды кармоо эртеңкиге калтырылбай эле, кечээ күнү кечинде Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райым Матраимов дагы бир жолу УКМКга суракка чакырылып, ошол жерден кармалды. Ага – мыйзамсыз байыган деген күнөө коюлду, мурдагы күнөө менен ал айып пул төлөп кутулуп кеткенине токтолуп, Ташиев кечээ күнү андай чечим чыгарган соттор тууралуу да айта кетти:

«Матраимовдун соту боюнча, мен ошону алыс жакта жүргөндө уктум. Анын банк эсептерин, үй-мүлкүн сот бошотуп жибериптир деген маалыматты уктум. Бүгүн кечинде барып, ошол маалыматтын баарын топтоп, документтерди бир сыйра карап чыгам, так. Мен ойлоймун, Матраимов боюнча мен эртеңден баштап чара көрөмүн деген ойдомун».

Матраимовдун кармалганы – президент Садыр Жапаров сапар менен Москвага бараар алдында болуп жатканына да көңүл буруш керек, анткени Орусиянын маалымат каражаттары октябрдан бери – Жапаров менен Ташиевдин кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар деп кабарлап келген. Октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалганда айрымдар аны – театр оюну деп да атаган, бирок эми Матраимов дагы кармалып жатат.

Матраимов менен байланыштуу Вашингтон жана Москванын кызыкчылыктары төп келишип калганы дагы кызык. Бирок Матраимов кытайлык уйгур ишкер менен кызматташса да, Кытай эч нерсе билдире элек. АКШнын элчиси болсо Матраимовду атынан атабай, анын Атамбаев койгон каймана атын пайдаланганы да орчундуу. Матраимовду адам кылган Атамбаев болсо, ага каршы аракеттер менен Жээнбековду кулатууну көздөгөн.

Чек ара кызматы күзүндө УКМКнын карамагына өткөрүлгөн, ошондуктан Ташиев чек ара маселелерин тейлей алат жана алар тууралуу андан бетер сүйлөй да алат. Декабрдан бери Ташиев Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупцияга аралашканы тууралуу да айтып келет жана маселе кандай болуп аяктаса дагы, коррупция менен күрөштүн аркасынан Ташиев атагын чыгарып алды.

Өз алдынча сот тармагынын жетекчиси коррупцияга малынган деп шектелгени эле кайсы болбосун мамлекет үчүн шерменделик, бирок Матраимов сөзсүз камалсын деп келген айрым бейөкмөт уюмдар Калиева менен байланыштуу – сот өкүмү менен күнөөлүү деп табылганга чейин эч кимди айыптабаш керек дегени да кызык. Бирок Матраимов жөн гана бажыдагы ууру болсо, Калиева бүткүл сот системасынын башчысы эмеспи. Коомубуз бузулгандан бузулуп бараткандай. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий