“Кеп ошондо” долбоору: Өлкөдө коррупцияга малынбаган бир нерсе калдыбы? Видео

Жогорку Кеңештин билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык маселелер комитетинде кечээ күнү депутат Евгения Строкова – Дары менен камсыз кылуу департаментинин кызматкери жакында пара талап кылганы үчүн жумуштан айдалып, бирок кийин сотто утуп чыкканын билдирди. Министрдин орун басары Мадемин Каратаев – ал кызматкер азыр ооруп жатат деп тактады.

«Жакында Дары департаментинин бир кызматкери жумуштан бошотулду, анткени пара талап кылган, бирок сотко берип, утуп алды. Пара берилгенин сотто далилдеш өтө кыйын, аны мен түшүнөм, бирок Дары департаментине ушундай көз каранды болуп калган фирмалар мындан ары биз менен кызматташпай коёт да», – деди кечээ күнү депутат Евгения Строкова.

Пара берүү же алуу факты сотто далилдебегени менен, ал тууралуу билгендер же маалыматка ээ адамдар бар эмеспи, эгер ал кызматкердин акча талап кылганы чын болсо, башкалардын көзүн ал кантип карап жүрөт? Саламаттык сактоо министрлиги болсо пандемия учурунда коррупциянын очогуна айланып кеткендей. 10-декабрда болуп өткөн жыйында башкы прокурордун орун басары ал тууралуу Абай Молдокматов минтип айткан:

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү коронавирус илдетине каршы аракеттерди көрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жалпысынан 1 млрд 248 млн 232 миң 554 сом, анын ичинде компенсация төлөмдөрүнө 376 млн 601 миң 150 сом бөлүнгөн. 2020-жылдын 20-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жогорудагы акча каражат эсебинен 449 млн 892 миң 235 сом, же 36 процент гана жумшалып, калган 798 млн 340 миң 390 сом пайдаланылган эмес».

Бүгүн дагы бир факт ачыкталды. Саламаттык сактоо министрлигин Баш прокуратура текшергенде, былтыр пандемия жаңы башталганда, 13-апрелде, «М» деп аталган компаниядан министрлик 3 жарым миллион сомго коронавируска каршы дары сатып алыптыр, бирок анын эч кандай пайдасы болбогондуктан, ал дары толугу менен эмгиче складда жатат экен.

Ал гана эмес, ал пайдасыз дарыны Минздрав Дүйнөлүк банк бөлгөн каражатка сатып алууну көздөгөн экен, анткени Дүйнөлүк банк Саламаттык сактоо министрлигине көмөк көрсөтүүгө аракеттенген, бирок банк ал дарыны өз тизмесинен чыгарып салыптыр, ошондуктан 3 жарым миллион сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнүптүр. Биздин саламаттыкты коргоп-сактайт деген медиктер эмне кылып жатат?

Башка тармактардагы абал деле андан кем эмес. Бишкек шаары боюнча Финполдун башчысы Нурлан Казабековду кечээ күнү УКМК кармаптыр, анын көзөмөлү астында былтыр марттан октябрга чейин, 8 айдын ичинде, өлкөдөн 59 млрд 500 млн сом чыгарылып кетиптир, бул акча – 700 млн долларга барабар. Биз болсо 2 жылдан бери – 2011-жылдан 2017-жылга чейин, 7 жыл ичинде, 700 млн сом которулуп кетиптир деп уу-дуу болуп жүрөбүз.

Эми ошол УКМКнын өзүндө да абал чатак. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Акин Токталиев азыр – УКМК менен милиция жетекчилери муфтиятка басым жасап, өздөрү акча төлөбөй, ажылыкка башка мусулмандардын эсебинен барчу деп чыкты. Ал тууралуу мен айта баштаганда, УКМК мага каршы компромат чогултуп, быйыл 10-февралда мени кызматтан алып салышты дейт Токталиев.

Азыр айрым эксперттер – муфтият дин үчүн гана жооптуу болуп, ажылыкты өкмөт өзү уюштурсун деп жатат. Бирок бир кезде ошондой эле болгон, анткен менен коррупция азайган эмес. Мисалга, 2010-жылдагы ажылык боюнча ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин дагы аты аталган, анткени ажылыкты уюштурууга анын уулу Кубанычбек Каптагаев катышкан.

Ал жигит Тышкы иштер министрлигинде иштеген жана Мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов – кыргыз жарандарына бериле турган визаларды чет өлкөлүктөргө сатып жиберген деп Кубанычбек Каптагаевди күнөөлөгөн. Ошол эле жылы муфтий Мураталы Жумановду кызматтан кетирүүгө Каптагаев өзү катышкан деген да сөздөр чыккан. Жана жакында эле президенттин маалымат кызматынын башчысы да пара менен байланыштуу кызматтан кетпедиби. Коррупцияга малынбаган эч бир уюм өлкөдө калбай калган сыяктуу. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий