Кумтөр гана эмес, президент Акаев өзү КГБ көзөмөлү астында болгону мүмкүн

Жогорку кеңеш кечээ күнү «Центерранын» туунду ишканасы «Кумтөр голд компаниде» тышкы башкаруу киргизүүгө макул болуп, мамлекеттик комиссиянын ишин дагы 3 айга узартты. Анын төрагасы Акылбек Жапаров 12-май күнү комиссиянын акыркы жыйынында сүйлөгөндө, 2003-жылы «Центерранын» пайда болгону президент Акаевдин жөнөкөй катасы эмес болчу деди:

«1992-жылы Акаев жаңы эгемен мамлекеттин жаш президенти болуп, 1992-1993-жылдардагы келишимдерди түзүүдө кандайдыр бир ката кетирген болсо, 2003-жылы ал жана анын үй-бүлөсү өз жеке кызыкчылыктарын ачык эле жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгынан өйдө койгон. Мыйзам чыгаруу жыйыны тыюу салганына карабай, мамлекет башчысы болгон президент Центерра компаниясынын түзүлүшүнө макул болгон, анткени дивиденд алмак».

Анын алдында Акаев кыргыз журналистине Москвада интервью берип, Кумтөр тууралуу эмнени гана айткан жок. Кумтөрдү иштетсин деп канадалык «Камеко» корпорациясын Кыргызстанга Борис Бирштейн алып келгени белгилүү. Акаев болсо өзүнөн жоопкерчиликти алып салуу максатында – демилге Чыңгыз Айтматовдон чыккан жана Бирштейнди мага Насирдин Исанов ээрчитип келген дейт:

«Чыңгыз абабыз дагы угуп, анан кийин Чыңгыз-ага бир Бирштейн деген ишкер адам менен таанышып, анан ошол Бирштейн деген – мен ошол Камеко менен сүйлөшүп берейин деп макулдашып… Анан бир күнү Насирдин Исанов, Насирдин Исанов, баса, айткым келет, Насирдин Исанов ээрчитип келет Бирштейнди… Жакшы болот, жардам берсе иштейли деп, анан Бирштейн менен иштеп калдык».

1990-жылдардын башында Бирштейн мурдагы СССРде бир топ белгилүү болуп калган жана айрым жумурияттар ага – биздин аймакка башка келбеңиз деп кууп чыккан. СССР КГБсында Москвада көп жыл иштеп, кийин Канадага эмиграцияга кеткен Владимир Попов былтыр июлда украиналык журналист Дмитрий Гордонго интервью берип, Борис Бирштейн – «КГБнын адамы» болгон деп билдирген.

Украина журналисти Дмитрий Гордон: Борис Бирштейн жана анын Сиабеко компаниясы – алар мурдагы советтик жумурияттардын жетекчилеринин эшигин буту менен ачып кирген дейт. Беркилер андан корксо, аларга Москвадан – коркпогула, бул биздин КГБнын адамы деп түшүндүргөн. Чын эле ушундай болгонбу?

СССР КГБсынын мурдагы кызматкери Владимир Попов: Ооба. Жүз пайыз ошондой болгон, ал тууралуу Орусиянын коопсуздук кызматын кыска мөөнөткө башкарып калган айрым адамдар айткан, мисалга – Шумейко.

Акаев президент болуп алгач СССР чачырай электе, 1990-жылдын октябрында Жогорку кеңеште шайланган. Ал кезде «легендарлуу» парламенттин спикери болгон Медеткан Шеримкулов – Кыргызстандын сыртынан Акаевди шайланышы менен биринчи болуп СССР КГБсынын төрагасы Владимир Крючков куттуктаган дейт. Силерди Крючков издеп атат деп аларга Кыргызстан КГБсынын башчысы генерал Жумабек Асанкулов айткан.

«Асанкулов-байке менен сүйлөшсөм, айтып калды – Крючков сурап атат… Анан Акаевди ал, Крючков, куттуктады. Айтты – мен азыр машинеде баратам, анан кийин, кийин сүйлөшөлүк деп. Ошол окуяга катышкан Акаев гана экөөбүз. Мына – Акаев, мына – мен. Акаевди биринчи болуп кыргыз депутаттары, кыргыз жетекчилеринен кийин, башкалардан болуп деги эле биринчи куттуктаган, мына ошол Крючков болгон», – деп билдирген Шеримкулов 2016-жылы КТРКга берген интервьюсунда.

Борис Бирштейн КГБнын агенти болуп, Акаевди президент болгону менен СССР КГБсынын жетекчиси куттуктап жатса, Акаев менен Бирштейндин жолугуп кызматташканы кокусунан эмес деп божомолдосо болот. Отуз жыл өткөндөн кийин болсо, азыр жаштарга эмнени болбосун айта берүү мүмкүн. Кыргызстан менен жалпы эле кыргыз элин менин кызым Бермет Акаева туура жолго салган деп айта берсе болот экен.

«Мени, демократ президент катары, Швейцарияда жыл сайын январь-февралда өтүүчү Давостогу экономикалык форумга чакырат, ал жерде ошол бүт эл аралык финансы уюмдарынын жетекчилери, бир топ президент, премьер-министрлер келет… Келип, мен барганда толук, эртеден кечке мага жардам берчү кызым… Дүйнөлүк соода уюмуна 1998-жылы, мына ошондо менин Бермет кызымдын эмгеги зор, себеби чечкиндүү салым киргизди десем жаңылбаймын», – дейт Аскар Акаев.

Суроо бербеген журналисттер болсо, анын баарын коомго кеңири тарата берет. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий