«Кумтөр голд компаниде» тышкы башкаруу киргизилүүдө

Жогорку кеңеш бүгүн кезексиз сессиясында Кумтөр маселесин карап, мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров менен кошо Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова менен «Кумтөр голд компанинин» деректирлер кеңешинин мурдагы мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүк маалымат берди. Бөлтүрүк – 2009чу жана 2017-жылдагы келишимдерди шермендечилик деп атады:

«Өзүбүздүн ушундай жүрүм-турумубуздан улам 2009-жылы кол коюлган тең укуксуз келишим, андан соң 2017-жылдагы шерменде келишим түзүлгөн. Алар укуктук жактан «Центерра голд» жана анын жетекчилерин кыргыз мамлекеттик органдары тарабынан мүмкүн боло турган кандай болбосун доодон коргойт. Муну мен эмес, укуктук компаниялар айтып атат. Бул ошол Америка менен Канаданын эң алдыңкы компаниялары, биз ошолорду ишке тартып жатабыз».

Кутманованын айтымында, канадалык компания ар башка маалымат каражаттарын жалдап алып, өзүнө ыңгайлуу гана коомдук пикир түзгөндөн тышкары, өз өндүрүш отчётторун дагы бурмалап жазган. Анын натыйжасында, чындыгында кенде эмне болгонун так билүү кыйын жана ал тууралуу эл аралык аудит компаниялары дагы өз кезегинде жазып-билдирген, бирок Кумтөр алардын айтканын аткарган эмес.

«Мен өз көзүм менен көргөм, чет өлкөлүк текшерүү компаниясынын отчётунда жазылган – Кумтөрдүн кызматкерлери граммдын ордуна миллиграмм же куб метрдин ордуна литр деп жазып койгон деп. «Цитрус партнерс» жеген башка компания 2008-жылы жазган, аны да мен толук окуп чыккам. Алардын корутундусу мындай болгон – «Кумтөр оперейтинг компани» чыгарган отчётто экологиялык нормалар менен талаптар Кумтөр долбоору тарабынан аткарылганбы же аткарылган эмеспи – түшүнүү кыйын деп».

Комиссия төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, Кумтөрдү иштеткен канадалык компания Кыргызстанда көптөгөн саясий, маданий жана башка акцияларды каржылап, өзүн коомго кайрымдуулук кылып жаткан уюм катары көрсөткөн, бирок чындыгында бул саясий коррупция болгон, анткени аны менен өлкө жетекчилеринин көңүлү сатып алынган, каражат алгандар болсо акчаны Минфин аркылуу өткөргөн эмес.

«12-сентябрь 2011-жылы 405-р деген токтом чыгарылган, ал убакта премьер-министр болуп Атамбаев Алмаз Шаршенович отурган – Келип түшкөн 10 миллион АКШ долларын коротуу боюнча аткаруучу оператор катары Кыргыз Республикасынын өкмөтү алдындагы Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин турак жай жана жарандык курулуш департаменти таанылсын деп. Банк эсеби РСКда ачылган экен жана анда – «Центерра голддон» келип түшкөн спонсорлук жардам кимдерге бөлүштүрүлүш керек теген тизме да түзүлүптүр», – деди бгн Акылбек Жапаров.

Айрым депутаттар комиссиянын гана ишин эмес, Акылбек Жапаровдун өзүн дагы сынга алып, ал мурдагы текшерүүлөргө да катышкан жана ошол комиссиялардын ишинен улам өлкө азыркы абалга кептелди деп билдирди. Депутат Момбековдун пикиринде, Кумтөрдү жөн гана улутташтырып салыш керек, ал эми кээ бир мурдагы жетекчилерди чыккынчы же кылмышкер деп атаганга комиссиянын укугу жок.

«Ал жерде айыптап жатат. Мисалы, айтып атат – Акаев 44 млн алган деп. Ал кечээ «Азаттык» аркылуу айтты – мен алган жокмун деп. Атамбаевди 10 млн доллар алды деп. Мен кечээ жактоочусу аркылуу, жакындары аркылуу сурадым – ал киши кыйналып аткан экен, бирок айтыптыр – эгер Акылбек Жапаровдун комиссиясы менин 10 сом алганымды делилдеп берсе, мен ушул жерде тергөөсү жок, соту жок дагы он жыл отуруп берем деп».

Сессияда УКМК төрагасы Ташиев да чыгып сүйлөп, Кумтөр менен байланыштуу азыр көптөгөн атка минер күнөөлөнүп жатканын жана алардын арасында мурдагы премьер-министрлер да бар экенин билдирди. Алар Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөбөстөн, канадалык компаниянын иш-аракеттерин коргоп келген. Ташиевдин айтымында, алар ичинде айрым депутаттар да бар, алардын аттары камалганда белгилүү боло баштайт:

«Абдан көп экспертиза иштери өткөрүлдү, жакында эле компаниянын кызматтык кабинеттеринде тинтүү жүргүзүлдү, көптөгөн далилдер да табылды – акча жана башка нерселер. Жогорку кеңештин айрым депутаттарына каршы дагы материалдар бар, анткени алар ар башка мезгилде «Кумтөрдөн» каржылык колдоо алып турган».

Депутаттар «Кумтор голд компаниде» тышкы башкаруу киргизүүгө макул болду. Иштөө мөөнөтү бүгүн 3 айга узартылган комиссия болсо дагы көп нерсе таба тургандай. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий