Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен бир катар документтерге кол коюлду.

Ага ылайык, биргелешкен бизнес долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Президенттер андан тышкары күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашты.

Эки өлкөнүн министрлик, агенттик жана университеттери өз ара кызматташуу тууралуу ондон ашык документке кол коюлду, деп айтылат маалыматта.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий