Кыргыз паспортун алган чет элдик жарандар текшерилет

Кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилет. бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, паспортторунун мыйзамдуулугу, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткени, кимдер бергени сыяктуу бардык фактылар текшерилип, укуктук баа берилет. Эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынат.

“Мыйзамсыз берилген паспорттор, паспорт берүүдөгү ээнбаштыктар, коррупциялык фактылар, мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүргөнүн биз өз убагында ачыктаганбыз”, – деп жазылган маалыматта.

Паспорт текшерүү жараянына “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүш учурунда аныкталган маалыматтар негиз берген.

Анда Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID паспортун, ошол эле жылы 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун мыйзамдуулугу да иликтенүүдө.

Белгилей кетсек, “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Аны чет өлкөлүк атайын кызмат Түркияга жеткиргенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда билдирген.

Орхан Инанды 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Түркия ал түрк жарандыгынан да чыкпагандыгын билдирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий