Кыргыз-тажик жаңжалынан эң көп пайда тапкан Москва болду

Президент Садыр Жапаров кечээ күнү Орусиянын Сочи шаарына барып, «Бочаров ручей» резиденциясында орус президенти Владимир Путин менен жолугуп-сүйлөштү. Сүйлөшүү алдында журналисттерге маалымат берип жатып, Путин – кыргыз-тажик чек арасы менен байланышкан маселе тынчтык жолу менен, сүйлөшүү аркылуу гана чечилиш керек деп белгиледи:

«Биз абдан дыкат жана тынчсыздануу менен карап турдук кыргыз-тажик чек арасындагы абалды. Өзүңүз билесиз, жакында эле Москвага тажик президенти келип кетти, биз, албетте, бул маселени аны менен дагы талкууладык. Мындай талаш маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү керек деген эки тараптын тең ниетин биз оң кабыл алдык. Максатка ушундай жол менен гана жетүү мүмкүн деп ишенем».

29-апрель күнү чыккан согушка чейин деле, андан кийин жана азыр дагы бардык тараптар – тынчтык жолу менен гана чечилиш керек деген маселени тажик тарап ошол күнү эмне үчүн өз аскерлерин Кыргызстан аймагына киргизүү аркылуу чечүүгө аракеттенди жана карапайым адамдарга ок атты? Дал ошол күнү Дүйшөмбү шаарында ОДКБ уюмунун коопсуздук кеңештеринин катчылары чогулган, бирок бири дагы башталган согуш тууралуу үн катып койгон жок.

«Бир да башка мамлекеттик ишмер мындай чечимди кабыл ала албайт, президенттен башка. Экинчиден, ушунча чыгашага алып келген, кошуна мамлекеттин чек арасын бузуп, анын аймагына кирген мынчалык ири аскерий аракетти Тажикстан өзү баштай алаар беле? Башка ири мамлекеттердин макулдугусуз. Даай алаар беле?» – деген суроолорду койгон Дипломатиялык академиянын профессору, КР элчиси Аскар Бешимов.

Согуштан кийин Кыргызстан өз Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди кызматтан алды, ал эми ошол жыйынга катышкан Орусия менен Тажикстандын өкүлдөрү Николай Патрушев жана Насрулло Махмудзода орундарында калды, демек, алардын жыйында унчукпай отурганы алардын өлкө жетекчилеринин ачуусун келтирген эмес. Ошол эле учурда тажик аракеттерине айрым тажик уюмдары каршы болгон деген да маалыматтар бар.

«Айрым тажик министрликтери, мисалга, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги буга каршы болуптур. ТИМдин жетекчилиги – согуш баштабагыла дептир. Ошондой эле – Коргоо министрлигинин жетекчилиги дагы каршы болгон экен, анткени алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп, операцияны жүргүзүүгө адам жетишкен эмес», – деп билдирген 5-май күнү полковник, чек ара коопсуздугу боюнча эксперт Мунар Эсенбаев.

Согуштан кийин дароо тажик президенти Москвага барып, Путин менен жолукканы, эки жарым аптадан кийин Путинге эми кыргыз президенти келип жатканы – бул маселеде негизги мааниге Москва ээ экенин көрсөтөт жана эки тарап аны түшүнүп, ООН сыяктуу уюмдарга кайрылган жок. Башка бир дагы мамлекет же эл аралык уюм маселеге кызыгып да койгон жок жана күч колдонбош керек деген жалпы кайрылуулар менен гана чектелди.

«Биздин колубуздан эмне келсе, ушул маселени чечүү үчүн силерге жардам берүүгө жумшайбыз. Бул маселе Кыргызстан менен Тажикстандын карапайым адамдарынын турмушу менен байланыштуу экенин түшүнөбүз, силер ошону ойлоп жатасыздар. Эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берген жана узакка иштей турган чечим табуу зарыл. Биз дагы ошого умтулабыз жана силерге бардык жагынан жардамдашабыз», – деди кечээ күнү Путин.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан эң көп пайда тапкан Москва болду десек, жаңылышпайбыз. Эки жумурияттын башчылары өз маселелерин чечүү үчүн Орусияга келүүдө жана орус президенти алардын маселесине көңүл бурганы үчүн эле алкыш айтып жатат. Экинчи жагынан, Кремль бүткүл дүйнөгө – бул аймак жана бул маселелер биздики, силер ага кийлигишпегиле дегендей белги берүүдө жана бүткүл дүйнө ага макул.

«Жеке сизге алкыш айткым келет, көңүл буруп, чек арадагы абал боюнча кайгыны тең бөлүшкөнүңүз үчүн. Кыргыз элине колдоо көрсөткөнүңүздү өзгөчө белгилеп кетсем болот. Орусия – биздин негизги союздашыбыз жана соода-экономикалык өнөгүбүз, ошондуктан бардык маселе боюнча бүгүнкү сүйлөшүүбүз жемиштүү болот деп үмүттөнөм», – деп алкыш айтты Садыр Жапаров.

Мындай нерсени бардык эле мамлекеттер жасай албайт. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий