Мелис Аспеков менен Улан Джураев УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды

 

Активисттер Мелис Аспеков менен Улан Джураев УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдары билдирди.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарганы такталды. Мелис Аспеков менен Улан Джураев 9-мартка чейин камакка алынды.

Сот бул маалыматты тастыктады.

Эскерте кетсек, активисттер Мелис Аспеков менен Улан Джураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң доллар талап кылып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, алар Мамлекеттик ишкананын ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчилигине текшертип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштурабыз деп коркутушкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий