Мигранттар үчүн атайын сайт ачылды

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн маалыматтык жана кеңеш берүүчү сайт ачылганын жарыялады.

Маалыматка караганда, сайт мигранттарга тиешелүү бардык суроолорго жооптор, кара тизмени текшерүүчү портал дагы бар. Сайт USAID эл аралык уюмунун долбоору аркылуу ишке ашырылган.

Кыргызстандыктар негизинен миграцияга Орусия, Түркия сыяктуу мамлекеттерге барышат. Ар кандай маалыматтар боюнча Орусияда миллионго жакын кыргыз жараны эмгектенип жүрөт.

Сайттын дареги – www.migrant.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий