Профсоюздар тууралуу мыйзамды президенттин ветосу гана токтотту

Кечээ күнү белгилүү болгондой, профсоюздар тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров вето салыптыр. Биринчи окууда ал 2019-жылдын июнунда, экинчи окууда ошол эле жылдын октябрында өткөн, бирок кеңири коомдук каршылык башталгандыктан, депутаттар бир жарым жылга тынчымыш болуп, 3-окууда аны жакында эле, 31-мартта кабыл алган.

«Бул мыйзам тууралуу биз 2019-жылдын 12-апрелинде Жогорку кеңештин сайтынан билдик. Ойлоп көрсөңөр! Төрт депутат – Асылбаева, Төлөнов, Масабиров жана Бакиров демилге кылып, коомдук талкуу үчүн сайтка чыгарыптыр. Биздин имарат Ай үйдүн жанында, а биз тууралуу мыйзам жөнүндө биз эч нерсе билбейбиз. Бул кандай?», – дейт Профсоюз федерациясынын төрагасынын орун басары Рысгүл Бабаева.

Демилге – Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов жана анын жубайы, Жогорку кеңештин маданият, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобековага таандык. Коомчулук гана эмес, профсоюздар өзү дагы бул мыйзамга каршы чыккандыктан, Асанакунов алардын баарын коррупциялашкан деп күнөөлөп кирген.

«Бүгүнкү күндөгү акыбалы абдан кыйын алардыкычы, киши барбас болуп калды. Анан текшертип туруп, мынакей «Голубой Иссык-Кульду» текшердик, «Ала-Тоосун» текшердик, анан Жалал-Абад курортуна бардык, курортун текшертсек, санаторийин текшерсек, чоң абдан финансово-хояйственный деятельностунда мүчүлүштүктөр бар экен, баягы акча, жеп-ичкендери чыгып калды. Келип алып анан мени сатып алганга аракет кылышкан да», – деп айткан былтыр февралда «Бешинчи каналга» Асанакунов.

Коррупция чындап эле бар болуш керек, ансыз бир да уюм же мекеме жок эмеспи. Бирок далилдерди келтирип, ар бир учурду иликтеш керек, Асанакуновдун мыйзам долбоору боюнча болсо, федерация жетекчилиги менен талкуулабай эле, чечимдерди жалгыз төрага кабыл алууга укук алмак. Андайга профсоюздар дагы, укукчу-эксперттер да жана өкмөт дагы каршы чыккан, бирок мыйзам баары бир үч окуудан өтүп кеткен.

«Биздин өзүбүздүн өкмөт бул мыйзам долбооруна каршы бүтүм чыгарган. Алар чечимин ошол эле 2019-жылдын 4-июлунда кабыл алган. Алты баракка жазылган – бардык беренелер жана пункттар боюнча. Анан биз «Адилет» укуктук клиникасына кайрылдык, алар дагы бардык пункттар менен беренелерди анализдеп, мындай мыйзам кабыл алынса профсоюз кыймылынын өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет деп жазган. Жана башка, жана башка», – деп эскерет Рысгүл Бабаева.

Ал ортодо – 2017-жылдын 16-январында Асанакунов Профсоюз федерациясынын төрагасы болуп мыйзамсыз шайланганы аныкталган: чоң жыйынга ал бурмаланган документтерди тапшырган. Аны сотко берип, профсоюз активисттери утуп алган – 2019-жылдын январында райондук жана ошол эле жылдын апрелинде Бишкек шаардык сотунда. Бирок Жогорку сот ал чечимдерди жокко чыгарган, каршылаштар болсо куугунтукка алынган.

«Алар бир-бирине көмөк көрсөтөт. Мына, тартип коргоо органдарын алалы. Бишкектин Бириничи май райондук милициясы – мамлекеттик деңгээлде рейдерлик болуп атса, аны текшергендин ордуна тармактык профсоюздар жетекчилерине каршы кылмыш иштерин ачып, үйлөрүн тинткен. Туура айтамбы? – Туура», – дейт укукчу жана ишкер Ахунбай Кошоев Рысгүл Бабаевага суроо берип.

Бул мыйзам долбоору менен байланыштуу эл аралык профсоюз бирикмелеринин өкүлдөрү да Бишкекке келип, ар башка жыйындарга катышып, Кыргызстан жетекчилигине каттарды жазган. Бирок алардын кайрылуулары дагы, юристтердин анализи да, профсоюздун өзүнүн пикири дагы эч нерсеге жарабай, бул мыйзамдын ишке киришин президенттин ветосу гана токтотту. Бирок депутаттар эми андан аттап өтүүнү дагы талкуулашы мүмкүн.

«Каттар келет. Мурдагы президенттин атына, Эмгек министрлигине, бизге – мындай мыйзамды кабыл албаш керек деп. Мына, МКП – Эл аралык профсоюздар конфедерациясы, ага 163 мамлекет кирет, биз дагы МКПга мүчөбүз. Ушунча каршылык кат келип атса, Жогорку кеңеш бул мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алып жатпайбы. Президент Садыр Жапаровдун атына бардык улуттук профсоюз борборлорунан каттар эмгиче келип жатат», – дейт Рысгүл Бабаева.

Маселе мүлк менен байланыштуу болгондо, эрежелерди эч ким кармангысы келбейт. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий