Садыр Жапаров Реджеп Эрдогандан Орхон Инанды тууралуу сурады

Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Реджеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инанды тууралуу сурады. Бул тууралуу Президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбеков маалымдады.

“Режеп Тайип Эрдоган аны тааныбай турганын, ал тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтты. Ошондой эле Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмунун (ФЕТО) тарапташтары тууралуу эч нерсе уккусу келбей турганын билдирди”, — деди Султанбаев.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий