Экс-президент Сооронбай Жээнбеков референдумда өкмөттүн кайсы башкаруу формасына добуш бергенин журналисттерге айтып берди.
Анын комментарийи камтылган кыска видеотасманы reporter.k rg порталы жарыялаган.
Ушул жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодон кийин пайда болгон саясий кризис Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы шайлоодо шайланган президенттиктен кетишине алып келди.
Кыргызстанда 10-январь – кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум күнү. Саат 8: 00дө өлкө боюнча шайлоо участкалары ачылды. Алардын саны 2 миң 474, алардын 48и чет өлкөлөрдө.
Президент болуп турган кезде “…парламенттик демократия өлкөнүн келечеги…”, деди эле.