Султанбеков: Аида Касымалиева  менен Евгения Строкова жалпы элдин жек көрүүсүнө татыктуу

Бул тууралуу “Социал-демократтар” саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков бүгүнкү тараткан билдирүүсүндө айтты.

Аида Касымалиева  менен Евгения Строкова капыстан эле Конституцияны эстеп калышты.

Иса Өмүркуловдун интригалык саясатынын арты менен мыйзамсыз түрдө Жогорку Кеңешке вице-спикер болгон Аида Касымалиева,  азыркыга чейин эл кууп жиберген Жээнбековдордун кланына кызмат кылып келе жатат.

Бүгүнкү күндө Жээнбековдун тарапташтары аны камактан бошотууну талап кылышууда. Эгер алардын эсинде болсо, Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу баардык мыйзам бузуунун негизинде болгон. Анда кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн Аида Касымалиева дагы жоопко тартылыш керек.

Тергөө органдары акыркы жарым жылдан бери “Биримдик” партиясына байланыштуу кылмыш ишин тергеп жатат. “Биримдик” партиясынын үгүт компаниясына баардык мамлекеттик мекемелер акча чогултканы билинди.  Финпол менен Соцфондун төрагалары кармалып, көргөзмө беришти. Ошондой эле ишкерлерди дагы “Биримдик” партиясына акча салгыла деп кыйнагандар болгон. Атүгүл муфтияттагы ажылыка чогулган акча дагы “Биримдик” партиясына кеткени белгилүү болду.

Касымалиева менен Строкова “Биримдик” партиясы менен шайлоого бара жатканда мамлекет жана элге каршы кылмышка бара жатышкандыктарын так билишкен. Ошондуктан жалпы элдин жек көрүүсүнө татыктуу,-дейт Темирлан Султанбеков.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий