Темир Бирназаров: Кыргызстанда киночулардан спортчулар артык бааланат

«Кыргызфильмдин» баш редактору Темир Бирназаров: Быйыл кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленет, ошондуктан биздин киностудия бир топ көркөм жана даректүү тасмаларды даярдап жатат, аны чыгармачылык отчёту деп да атап койсо болот – 80 жылда биз эмне жасадык дегендей. Жакында «Кыргызфильмге» жаңы директор – Акжол Бекболотов дайындалды жана ал бир топ жаңылануу алып келди, мисалга, мурда плёнка түрүндө сакталып келген фильмдерди санариптештирүү аспаптары алынып жатат.

Чыгармачылык тарабында дагы бир кыйла өзгөрүүлөр болуп жатат – акыркы жылдарга чейин СССР учурундагы тартип өзгөрбөй эле уланып келген, 1982-жылы курулган азыркы имаратка жаңы жетекчилер келбей да калган. Мисалга, имараттын 4-кабатында атайын зал бар, кайсы бир жаңы тасма тартылганда, ал залга Турдакун Усубалиев өзү келип, ал фильмди көрүп – тигил жерин алып салгыла, бул жерин минтип өзгөртүп койгула дечү экен. Эгемендик жылдарында болсо бир да жетекчи – кандай кино тартылып жатканына кызыкпай да калды.

Мисалга, кайсы бир кыргыз спортчулары чет өлкөдөгү бир мелдеште жеңип чыкса, аларга президент өзү телефон чалып, куттуктап жатканын билебиз жана көргөнбүз. Кыргыз киночулары кайсы бир эл аралык фестивалдарда жеңип чыгып, гран-при алып жатса, аларга мамлекет жетекчилери телефон чалат деп эч ким элестете да албайт ко. Ашып кетсе, ал режиссёр же актёр Кыргызстанга кайтып келгенде, аны кабыл алып, куттуктап же бир сыйлык берип коюу менен гана чектелебиз. Бул да болсо биздин жетекчилердин маданиятка болгон мамилесин көрсөтөт…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий