Тилек Токтогазиев кумшекер менен өсүмдүк майы кампада аз калганын эскертти

Бүгүн, 1-февралда Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев маалымат жыйын берип жатып, азык-түлүк кризиси тууралуу эскертти.
Анын айтымында, өлкөдө кумшекер жана өсүмдүк майынын көлөмү чектелүү. Жаңы кызматка киришкен айыл чарба министри бул көйгөйлөргө туш келерин билдирди.
“Биз дүйшөмбү күнү командабыз менен салтка айланган чогулушту өткөрдүк. Анда эң маанилүү делген эки суроону карадык. Биринчиси азык-түлүк боюнча, тилекке каршы, жакын арада жана жай мезгилинде буудайга байланыштуу курч маселе жаралат.
Ошондой эле кумшекер боюнча Кайынды заводунда 18 миң тонна бар, ал эми кампада болсо 8 миң тонна кумшекер бирок ал фермерлерге тийиштүү. Ошондо жалпы 26 миң тонна бул коп болсо 3 айга гана жетиши мүмкүн. Мунун бирден-бир себеби аткезчилик болуп эсептелет. Мисалы, биздин коңшу өлкөлөргө тагыраагы Өзбекстан, Тажикстанга ири көлөмдө экспорттолгон. Бул боюнча биз өз кезегинде дайыма айтып чыктык, токтотуу керектигин эскерттик, бирок бизди угушкан жок.
Ал эми өсүмдүк майы боюнча бизде учурда акыркы 5 айга жете тургандай бар. Ошондой эле ун жана башка азыктар боюнча мен кесиптештеримден комиссия түзүп, кампаларды текшерүү тууралуу сурандым. Улуттук статистика комитети берген сандар чыныгы фактыдан өтө чоң санда айрмаланып турат”, – деп билдирди Тилек Токтогазиев.

Ошондой эле ал жогоруда айтылган сандар калкты толук камсыздай албай турганын кошумчалап, кийинки келген министр кампалардын физикалык жагын текшерүү керектигин эскертти.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий