Т.Султанбеков: Сооронбай Жээнбековду, иниси Асылбек Жээнбековдун жанына алып барып камаш керек

Бул тууралуу “Социал-демократтар” саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тараткан билдирүүдө жазылган.

“Асылбек Жээнбековдун тарапташтарынын айткан сөздөрү таң калтырат. Сот имаратынын алдына чыккандар, бийлик чек арада өлгөн 38 адам үчун жооп бериш керек дейт. Анда биринчилерден болуп былтыркы пандемияда миңдеген адамдын өлүмүнө себепкерлер жоопко тартылсын.

Аида Касымалиева  менен Евгения Строкова капыстан эле Конституцияны эстеп калышты.

Иса Өмүркуловдун интригалык саясатынын арты менен мыйзамсыз түрдө Жогорку Кеңешке вице-спикер болгон Аида Касымалиева,  азыркыга чейин эл кууп жиберген Жээнбековдордун кланына кызмат кылып келе жатат.

Бүгүнкү күндө Жээнбековдун тарапташтары аны камактан бошотууну талап кылышууда. Эгер алардын эсинде болсо, Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу баардык мыйзам бузуунун негизинде болгон. Анда кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн Аида Касымалиева дагы жоопко тартылыш керек.

Тергөө органдары акыркы жарым жылдан бери “Биримдик” партиясына байланыштуу кылмыш ишин тергеп жатат. “Биримдик” партиясынын үгүт компаниясына баардык мамлекеттик мекемелер акча чогултканы билинди.  Финпол менен Соцфондун төрагалары кармалып, көргөзмө беришти. Ошондой эле ишкерлерди дагы “Биримдик” партиясына акча салгыла деп кыйнагандар болгон. Атүгүл муфтияттагы ажылыка чогулган акча дагы “Биримдик” партиясына кеткени белгилүү болду.

Касымалиева менен Строкова “Биримдик” партиясы менен шайлоого бара жатканда мамлекет жана элге каршы кылмышка бара жатышкандыктарын так билишкен. Ошондуктан жалпы элдин жек көрүүсүнө татыктуу.

Элдин көпчүлүк бөлүгү асылбек Жээнбековдун камалышын колдойт жана укук коргоо органдары элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын саткан Сооронбай Жээнбековго каршы кылмыш ишин козгоону ылдамдатыш керек,-дейт Темирлан Султанбеков.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий