Спорт залда машыгып жаткан Өмүрбек Бабановдун видеоролиги УКМКнын тергөө абагынан тартылган эмес. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору маалымдады.
“УКМК бул катуу көзөмөлгө алынган обьект. Ошондуктан бул жерде видеого тартканга жанеа сүрөткө түшкөнгө болбойт”,-деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек Кумтөр иши боюнча 31-майда камакка алынган Өмүрбек Бабановдун спорт залда машыгып жаткан видеосу социалдык түйүндөрдө тарап жатат.
https://t.me/akipress/8891