Улуттук банк улуттук кызыкчылыктарды коргой алабы?

Жогорку кеңеш бүгүн Улуттук банк жана банк аракеттери тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү маселесин карап, аларды добуш берүүгө жиберди. Бирок сессия учурунда көптөгөн башка да суроо берилип, талкуу – Улуттук банктын отчётуна окшошуп кетти. Банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун пикиринде, анын банкы Борбор Азиядагы эң мыкты банктай:

«Бүгүнкү күндө мактана турган көп нерсе бар. Биздин төлөө системабыз, парламент жана президенттин колдоосу менен, өз алдынча болуп калыптанды жана автономиялуу иштей алат. Борбор Азияда биринчи болуп биз элге алтын сата баштадык. Насыялар боюнча үстөк пыйыз 4 жылдын ичинде бир жарым эсеге төмөндөдү. Дүйнөдө кандай финансылык же башка банк кызматы болсо, биздин коммерциялык банктар ошондөй тейлөөнүн баарын сунуштай алат».

Кыргыз кенинде өндүрүлгөн алтынды эмне үчүн кыргыз банкы сатып алган эмес деген сыяктуу Кумтөр менен байланышкан да суроолор көтөрүлдү, бирок Абдыгулов кандай болбосун суроого бир секундага да ойлонбой жооп берип жатты. Улуттук банк чыгарган алтын – Лондон биржасындагы алтындан да кымбат дегенге дагы Абдыгулов ошентип жооп берейин деди эле, бирок өзү уят болуп калды.

ЖК депутаты Саматбек Ибраев: Элге канча алтын сатасыңар?

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: 25-35 килограмм.

Ибраев: Эмнеге аз?

Абдыгулов: Канча алса, ошончо сатабыз.

Ибраев: Силерде бир грамм биржадагыдан 30 пайызга кымбат.

Абдыгулов: Сиз алтынды Лондон биржасынан сатып алып, Кыргызстанга алып келгенче бир топ чыгым болосуз да жана анын баасы биздин баадан ашып кетет.

Ибраев: Алтынды биз өзүбүз чыгарып жатпайбызбы. Эмне үчүн алтын сатып алыш үчүн Лондонго барыш керек экен?

«Кумтөр голд компаниде» сырттан башкаруу киргизилип, Кумтөрдү улутташтыруу да маселеси чыгып жаткан мезгилде, эгер кайсы бир эл аралык санкция жарыяланса Улуттук банктын валюта коруна коркунуч түзүлүшү мүмкүн. Бирок Абдыгуловдун пикиринде, эч ким эч нерседен кам санабай эле коюш керек, анткени өкмөт же ага каршы кандай аракет көрүлсө дагы андан валюта коруна зыян тийбейт.

«Улуттук банк тууралуу мыйзамга ылайык, өкмөттүн милдеттери боюнча Улуттук банк жооп бербейт. Ошондой эле, Улуттук банктын карыздары үчүн дагы өкмөт жооптуу эмес. Ушуну менен Улуттук банктын эл аралык корлору толук корголот. Түзүлгөн келишимдер боюнча, кимдир бирөө өкмөттү сотко берсе, ал доо боюнча Улуттук банк эч качан жооп бербейт, анткени Улуттук банк мамлекеттик бюджеттен каржыланбайт».

Улуттук банк өзүн көз карандысыз жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргогон уюм деп көрсөтөйүн дегени менен, Кумтөрдө чыккан алтынды сатып алууга эч аракет көрбөгөнү анын Кыргызстан үчүн канчалык күйгөнүн көрсөтөт. «Берсе – сатып алабыз, сатып албаса – сатпайбыз» деген формула Улуттук банктын бул маселе боюнча канчалык кайдыгер экенин даана көрсөтөт.

«Бүгүн мыйзам боюнча Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ичинде өндүрүлгөн алтындын любоюн сатып алабыз да. Бүгүнкүгө чейин биз акыркы 5 жылдын ичинде только Кумтөрдүн алтынын алган эмеспиз да. Калган Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн алтындын баарын Улуттук банк сатып алган», – деди бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Эгер бул чындап эле Улуттук банктын отчёту болгондо, бир топ курч суроолор берилмек, бирок айрым коррупциялык маселелер баары бир ачыкка чыгып кетти. Мындан 2 жыл мурда Улуттук банк «Керемет-банкты» сатып алып, андан бери өз үлүшүн улам жогорулатып келатат, бирок ал банк эмгиче имараты үчүн эбегейсиз ижара төлөп жатканы суроо жаратпай койбойт. Бирок Улуттук банк аны маселе катары да санабайт.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: Ошол банк банкрот болбосун үчүн Улуттук банк ага акционер болуп кирген.

ЖК депутаты Шералы Абдылдаев: Бирок ал банк азыр ижара үчүн өзүнөн кымбат төлөйт экен. Ушул туурабы?

Абдыгулов: Урматтуу Шералы Итимбаевич, эми ал коммерциялык банктын өзүнүн иши. Алар базар баасы менен төлөйт ко.

Байлар жана бийликтегилер кандай болбосун суроого кандай болбосун жооп бергенге көнүп алган. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий