Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын добуш берүүсүнүн алгачкы жыйынтыктары 11-январда саат 08: 00дө белгилүү болот

Чет өлкөдөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматты 11-январда Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 8де алса болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен 48 шайлоо участкасы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бекитилип, анын 3 участкасы ЖКР окулчулугунун алдындагы, күйүүчү-майлоочу материалдардын базасында Москва жана Тюмень шаарларында түзүлгөн.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын акыркы тизмесине 49481 шайлоочу кирет.

Бишкек убактысы боюнча саат 16: 00гө карата жалпы шайлоочулардын саны 7384 кыргызстандык болду.

Бишкек убактысы боюнча саат 16: 00дө Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларындагы кеңсесинин аймагында түзүлгөн шайлоо участкалары өз ишин аяктады.

Учурда 45 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүп жатат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий