Шайлоого катышкандардын саны миллионго чукулдады

Саат 16:00гө карата алынган маалымат боюнча 947 614 шайлоочу добуш берди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 26,59 пайызын түзөт. Дагы деле Ош шаары жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын тургундары активдүү болуп, шайлоого катышкандардын саны 30 пайыздан ашты.Калган аймактарда 20 пайыздын тегерегинде.

Ал эми башкаруу формасын тандаган референдумга 946 104 адам катышып, 26,55 пайызды түздү.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий