Ширин Айтматова «Кумтөр» иши боюнча УКМКга суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынан мурдагы депутаты Ширин Айтматованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырышты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешевге таянып Kaktus.media маалымат порталы жазып чыкты.

Бекешевдин айтымында, Айтматова “Кумтөр” боюнча чакыртылышы мүмкүн.

Эске салсак, 31-майда “Кумтөр” боюнча учурдагы жана экс-депутаттар кармалган. Алар: Асылбек Жээнбеков, Исхак Пирматов, Төрөбай Зулпукаров, Өмүрбек Бабанов жана Талантбек Узакбаев. Алардын баары 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалышкан.

Аталган иш боюнча кечээ, 9-июнда Президенттик Аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев жана парламент депутаты Алмазбек Баатырбеков да кармалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий