Ысык-Көлдө автокырсыктан көз жумгандар эки үй-бүлө болгон

Ысык-Көлдүн жээгиндеги трассадагы үрөй учурган жол кырсыгында аял-күйөөсү болгон эки үй-бүлө каза тапты. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Буга чейин Чырпыкты айылындагы кара жолдо Mitsubishi Galant менен Lexus LХ-470 кагышканы туурасында кабарланган. Ал жерден беш киши мүрт кеткен. Каргашалуу окуя 21-июль күнү саат 21:30дар чамасында болгон.

“Кырсыкка ким күнөөлүү экендигин дайындалган экспертиза көрсөтөт. Дарыгерлердин биринчи кароосунда Lexus айдаган кишинин мас экени тастыкталган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Lexus Балыкчы тараптан Чолпон-Ата шаарын көздөй кетип бара жаткан”, — деп кабарлашты маалымат кызматынан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий