Элнура Алканова Каримовага жеке музыкалык мектеп ачууга жардам берет

Бүгүн, 22-январда Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязала Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын жетекчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.

Өз кезегинде белгилүү журналист Элнура Алканова ырчыны колдоп, жеке музыкалык мектеп ачууга чакырган жана ал Каримованы колдоого даяр.

Эскерте кетсек, 15-октябрда соттун чечими менен ал кайрадан 2019-жылы дайындалган кызмат ордуна калыбына келтирилген. Бирок, мекеменин кызматкерлери анын дайындалышына кескин каршы чыгышты. Эки жумалык нааразычылыктан кийин ырчы өзү бул кызматтан кетти.

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Азамат Элнура, сени бул демилгенди копчулук эл колдойт. Сен башка журналисттерден айырмаланып жашоого неординарно ой жугурткон кызсын… Самара моральдык жана материалдык жардамга муктаж болуп турган учуру…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий