Өмүрбек Бабанов чет өлкөгө дарыланууга чыгып кетет

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дарылануу үчүн чет өлкөгө кетет. Бул тууралуу УКМКдан билдиришити.

Маалыматка таянсак, ага дарылануу талап кылынат.

«Анын саламаттыгы начарлап, чет өлкөдө дарылануу талап кылынат. Андыктан Өмүрбек Бабановго чет жакка чыгууга уруксат берилди», — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов “Кумтөр” долбооруна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бүгүн анын жеке менчик клиникага которулганы маалым болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий