Өмүрбек Текебаевге, Токмоктуктар кечирим сурап барышты

Бүгүн, 3-декабрда Өмүрбек Текебаев андан кечирим сурап барган адамдар менен жолукту.

Жолугушуунун видеосун «Ата Мекен» партиясынын өкүлү жарыялады.

Кечирим сурап барган адамдардын айтымында, алар 1-декабрда Бишкек шаарына митинг болбосун деген максатта келишкен. Бирок провокация болгон.

Токмок шаардык кеңешинин депутатынын айтымында, алар Өкмөт үйүнүн алдында турушкан. Бирок бет капчан бирөө келип, «Парк Отелдин» жанына барууну айткан. Ошол жерде жаш балдар провокацияга алдырып жиберген болушу мүмкүн.

Ошондой эле ал интернетке тараган сүрөттөгү автобустар менен милиция кызматкерлери келишкенин кошумчалады.

Текебаев аларды кечиргенин айтып, бирок провокацияны уюштургандар жоопко тартылышы керек экенин белгиледи.

Текебаевдин айтымында, аны урган деп камакка алынган жигиттин да күнөөсү жок. Аны башка адам урган. Ошондой эле чөнтөк телефону отурган жеринде калган болчу. Ошол жерден жоголгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий