Өзбекстандын Президенти Эверестти багындырган альпинистке унаа белек кылды

Эверест чокусун багындырган альпинист Сергей Денисенко «Өзбекстандын сыймыгы» ардак наамы менен сыйланды. Ошондой эле, президент Шавкат Мирзиеевдин атынан автоунаага ээ болду.

Денисенко Эверестке 1-июнда чыгып, аны Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнаган.

Белгилей кетсек, май айында кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов да Эверестти багындырган. Ал мекенине 5-июнда келген. Эдуард Кубатов — дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык. 1997-жылы Дмитрий Греков да чокуга чыгып келген.

Эверест – Жер шарындагы эң бийик чоку болуп эсептелет. Анын бийиктиги дээрлик 8 миң 849 метрге жетет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий