Өз мекенинде жасай албаган жырткычтыкты канадалык компания Кыргызстанда жасаган

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров, Экология менен климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова жана «Кумтөр голд компаниге» тышкы башкаруучу болуп дайындалган Теңгиз Бөлтүрүк бүгүн журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Бөлтүрүктүн айтымында, канадалык компания азыр жапайы жырткычтыкка барууда:

«Азыр биз кенди башкаруу боюнча автоматташтырылган системаны калыбына келтирип жатабыз. Өзүңөр билгендей, «Кумтөр голд компани» иштеткен Кумтөр кенинде кызматкерлердин бири да компьютердик программаларга 15-майдан тартып кире албай калган. Бизде негиз жана факттар бар – аны «Центерра голд» компаниясы Канададан жасаган».

Жыйырма төрт жыл ичинде канадалык компания кыргыз алтынынын эсебинен 11 жарым миллиард доллар пайда тапкан, Кыргызстандын өзүнө болсо 8 эсе аз – бир жарым гана миллиард доллар тийген. Бул – алтындын баасын гана санаганда. Мындай эбегейсиз карактоого кошумча – мөңгүлөр бузулуп, өлкөгө башка дагы экологиялык зыян тийген, батыш менеджерлери болсо бардык мүмкүн болгон жерден кыргыз бийлигин алдаган.

«Кумтөр голд компани» дивиденддерди «Центеррага» жиберип атканда салык төлөбөйт да – внитривидовые сделки, третьи лица деп соглашениенин ичине жазып койгон экен, ошонун негизинде биз төлөбөйбүз дейт, анан биздикилер макул боло берген экен, а Канададан жанагы «Центерра» компаниясы, Канаданын компаниясы, Кыргызстандын «Кыргызалтын» компаниясына, өзүнүн кожоюнуна, ошого дивиденд төлөгөндө, 84 миллион доллар төлөгөндө, 5 пайыз кармап калыптыр да», – деди бүгүн Акылбек Жапаров.

Канадалык компаниянын жетекчилиги кыргыз бийлигин гана эмес, катардагы кыргыз жарандарын дагы карактаган, беркилер болсо, жакшы айлыгы бар жумуштан бошоп калбас үчүн эч каяша айта алган эмес жана эмгиче айта албайт. Мисалга, кимдир бирөө бюллетенге чыкса, ага төлөнгөн акчадан дагы салык кармалган, мындайга сабатсыз, адепсиз жана жапайы деп эсептелген кыргыз өкмөтү да барган эмес.

«Кумтөр ишканасы бюллетенге чыккан кызматкерлерине төлөнгөн акчадан салык кармаган, бул Салык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгүнө каршы келет. Ооруп же башка себептен жумушка чыкпай, бирок бюллетень алганда төлөнгөн акчадан салык кармалбаш керек. Менден болсо кармалган жана менден гана эмес», – деп айткан январда Кумтөрдүн мурдагы кызматкери Кубаныч Жумагулов.

Жапаровдун айтымында, комиссия түзүлгөн биринчи күндөн тартып анын ишине ар башка тоскоолдуктар пайда боло баштаган жана ага – маалымат каражаттары арасында көп жылдан бери калыптанып калган жалпы маанай дагы өбөлгө болгон. Кумтөрдүн жетекчилиги эбактан бери эле Кыргызстанда негизги деп эсептелген маалымат каражаттарына такай акча төлөп, өзүнө жагымдуу маанай түзүп алган.

«Революция болду, Ак үй алынган, көк үй алынган, жоголуп кетти, өрттөлүп кетти деп бир топ тоскоолдук болду биздин комиссиянын иш-аракеттеринин баарына. Сиздер билесиздер, көп жылдан бери «Центерра» атайын акча таратып, бир топ маалымат аймагын өздөрүнө алып алган экен, ошондуктан бизге дагы бир топ кыйынчылык болду, ошого карабай, биринчи этабын бүтүрдүк», – деди бүгүн Акылбек Жапаров.

Бул – оторчулуктун жаңы доорундагы жалпы саясат, анткени журналистиканын ордуна азыр пиар өркүндөй баштады. Акча төлөгөн ким болбосун кандай болбосун материал берсе, журналисттер аны текшерип-оңдоп отурбай, бурчуна кичинекей реклама деген белгини коё салып, эмнени болбосун жарыялай берет. Мындай манипуляция тууралуу мындан эки жыл мурда Владимир Познерге берген интервьюсунда америкалык профессор Ноам Хомски да айткан:

«Мисалга, китебибиздин биринчи главасында – 1980-жылы Польшада өлтүрүлгөн бир динаятчынын мисалы башкалар менен салыштырылат. Кылмышкерлер кармалып, жазаланган. Бирок ошол эле убакта, ошондой эле диний себептен Борбордук Америкада жүзгө жакын адам өлтүрүлгөн, кылмышкерлер кармалган эмес, кабар да аз болгон. Польшадагы бир өлтүрүү болсо кеңири чагылдырылган».

Ошентип, Кыргызстан экономикалык жана саясий жактан гана эмес, маданий жана маалымат жагынан да жабыркап турган учур. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий