100 млн долларга мектептер жана бала бакчалар курулат

3-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчилиги Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 млн. доллар каражат бөлүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Араб координациялык тобунун мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга катышуунун алкагында билим берүү тармагын өнүктүрүүнү да талкуулады.

Жыйында Алмазбек Бейшеналиев жетишилген макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасы Ислам өнүктүрүү банкынан 100 млн. доллар аларын, анын 15 миллиону грант түрүндө, калган 85 млн. доллар төмөнкү пайыз менен насыя болорун билдирди.

Бул каражатка 45 миң балага бала бакчалар салынат, дагы 45 миң бала окуй турган жаңы мектептер курулат. Анын аркасы менен үч миңдей мугалим жана тарбиячылар жаңы жумуш менен камсыз болушат.

Кыргызстанда 2333 мектеп бар, алардын 250гө жакыны авариялык абалда. 17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептин бир классынын шыбы сабак маалында урап түшкөн.

Өлкөдө калктын саны барган сайын өсүп бараткандыктан жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу күн тартибиндеги маселе.

Булак: КООМ ПРЕСС

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий