30га жакын документке кол коюшат. Мирзиёев менен Рахмон жолукту

Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбеге расмий сапар менен келди. Өзбек лидерин аба майдандан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды.

Президенттер расмий жолугушуу өтө турган «Улут сарайына» сапар алышты. Расмий сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, социалдык объекттердин ачылышына катышат.

Эки мамлекет 30га жакын документке кол коёру пландалууда. Ошондой Тажикстан-Өзбекстандын ортосунда эки багыттагы темир жолун куруу долбоорун талкуулайт. Душанбеге Эмомали Рахмондун чакыруусу менен келген Мирзиёевдин расмий сапары 11-июнга чейин созулат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий