345 кыргыз кайрадан Афганистанга кайтарылды

13-14-июлда Афганистандын Бадахшан провинциясынын, Вахон уездиндеги, Андемин кыштагынын 345 жашоочусу (91 эркек, 77 аял, 177 өспүрүм жана наристелер)  “Талибан” куралдуу күчтөрүнөн баш калкалап, Тажикстандын аймагына кире качышкан.  17-18-июлда 345 качкын, 4000 миңге чукул мал-жаны менен  кайрадан өз жерине кайтышты. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКнын Чек-ара аскери маалымдады.

Афганистан өкмөтү качкындардын жеке коопсуздугуна жоопкерчилик алгандан кийин, алар Мургаб районунун Кызыл-Работ айылындагы чсек-ара аймагы аркылуу өз жерине кетишти.

“345 кыргыз Тажикстандын аймагында жүргөндө БУУнун качкындар статусунун конвенциясына ылайык, алар убактылуу жашоочу жай, кийим-кече, азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз болушту”,-деп жазылат тажик өкмөтү тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий