5 айда 38,5 млрд сом салык чогулду

Мамлекеттик салык кызматы быйыл беш айда 38 млрд 429,1 млн сом салык чогултту.

Белгилүү болгондой, быйыл январь-май айларында 36 млрд 442,6 млн сом салык чогултуу пландалган. Бирок алар планды 5,5%га же 1 млрд 986,5 млн сомго ашыгы менен аткарган.

Былтыркы жылдын беш айына караганда салык 11 млрд 461,4 млн сомго көп жыйналган.

Беш айда жыйналган салыктын 30 млрд 937,8 млн сомун республикалык бюджетке, 7 млрд 491,3 млн сомун жергиликтүү бюджетке чогултулган каражаттар түзөт.

Быйыл салык кызматы жалпы 97 млрд сом салык жыйноону көздөп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий