COVID-19: Соңку суткада беш адам көз жумду

Өткөн суткада коронавирус 494 кишиден табылып, 351 бейтап айыкты. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жеткенин билдирди. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.

10-июнга карата вирустан беш адам көз жумган. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 869 киши каза тапты.

Учурда ооруканаларда – 1 893, үйдө 2 137 бейтап дарыланып жатат. Стационардагылардын арасынан 536 кишинин абалы оор, 101 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий